# 4-статья. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/924)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 181 "Об отходах производства и потребления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-879/edition/1277327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/924/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 4-статья (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-4

---

Калдыктар менен иштөө жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: калдыктар менен байланышкан апааттарды, авариялардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү; калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; калдыктар менен иштөө жаатындагы региондук программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу; калдыктар менен иштөө жаатында өздөрүнүн аймагында жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын ишине контролдук кылуу; калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын, жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын чогултууну уюштуруу; калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу тутумун уюштуруу, ал компоненттерди өз-өзүнчө чогултууну (тамак-аш калдыктары, түстүү жана кара металл, текстиль, айнек, кагаз жана башкалар), калдыктарды сактоону, дайыма ташып чыгууну, зыянсыздандырууну, утилдештирүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону карайт; калкты калдыктар менен иштөө, алардын сакталышынын абалы жана региондо кайра иштетүү боюнча маалымат менен кабардар кылуу.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-5)
