4-статья. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 15.08.2023 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 августа 2023 года № 181.
Калдыктар менен иштөө жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: калдыктар менен байланышкан апааттарды, авариялардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү; калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; калдыктар менен иштөө жаатындагы региондук программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу; калдыктар менен иштөө жаатында өздөрүнүн аймагында жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын ишине контролдук кылуу; калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын, жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын чогултууну уюштуруу; калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу тутумун уюштуруу, ал компоненттерди өз-өзүнчө чогултууну (тамак-аш калдыктары, түстүү жана кара металл, текстиль, айнек, кагаз жана башкалар), калдыктарды сактоону, дайыма ташып чыгууну, зыянсыздандырууну, утилдештирүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону карайт; калкты калдыктар менен иштөө, алардын сакталышынын абалы жана региондо кайра иштетүү боюнча маалымат менен кабардар кылуу.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/924/st-4" title="4-статья - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>