2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 15.08.2023 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 августа 2023 года № 181.
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: калдыктарды көмүү - калдыктарды изоляциялоо, ал булгай турган заттардын айлана-чөйрөгө келип түшүшүн четтетүүгө багытталган жана бул калдыктарды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат; калдыктарды пайдалануу - калдыктарды продукция өндүрүү жана башка иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу же энергия алуу үчүн пайдалануу; компетенттүү орган - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган, ал өзү жөнүндөгү Жобого ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот жана калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти координациялайт; калдыктарды жайгаштыруу лимити - региондогу экологиялык кырдаалды эске алуу менен белгилүү мөөнөткө жайгаштырууга уруксат берилген жана юридикалык же жеке жакка белгиленген калдыктардын эң жогорку саны; аз калдыктуу технология - продукцияны өндүрүү процесси, мында продукциянын бирдигин өндүрүү учурунда бул продукцияны алуунун учурдагы демейки ыкмасына салыштырганда аз сандагы калдык келип чыгат; калдыктарды зыянсыздандыруу - айлана-чөйрөгө жана адамга тийгизген коркунучтуу таасирин азайтууга алып келүүчү атайын орнотмолордо калдыктарды иштетүү (анын ичинде өрттөө); калдыктар менен иштөө - калдыктарды чогултуу, сактоо, пайдалануу, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү; калдыктарды жайгаштыруу объекти - полигондор, топтогучтар, таштандылар, шламсактагычтар, уулуу заттарды сактагычтар, тоо тектеринин калдыктары жана калдыктарды сактоо жана көмүү үчүн атайын жабдылган башка жерлер; коркунучтуу калдыктар - өзүнүн курамында коркунучтуу касиеттердин бирин камтыган (уулуу, жугуштуу, жарылуучу, тутануучу, жогорку реакциялуу кудурети) жана ушундай санда жана ушундай түрдө өз алдынча, ошондой эле башка заттарга аралашкан учурда адамдын ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн түздөн-түз же потенциалдуу коркунуч туудуруучу заттарды камтыган калдыктар (радиоактивдүү калдыктардан башка); өндүрүш калдыктары - продукцияны өндүрүү же иштерди аткаруу процессинде түзүлгөн жана өзүнүн керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкон материалдын, чийки заттын, жарым фабрикаттын калдыктары, ошондой эле өндүрүш процессинде түзүлгөн жана бул өндүрүштө колдонулбай турган көмөкчү заттар; керектөө калдыктары - иш жүзүндө же моралдык жактан эскирүүдөн улам өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына, ошондой эле адамдардын жашоо-тиричилик процессинде келип чыккан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары кирет; калдыктардын паспорту - калдыктардын сапаттык же сандык мүнөздөмөсүн тастыктаган документ; калдыктарды жайгаштыруу - калдыктарды сактоо жана көмүү боюнча ар кандай иш-аракеттер; калдыктарды транс чек аралык ташуу - башка мамлекеттин юрисдикциясында болгон райондон калдыктарды Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы районго/же ал аркылуу ар кандай ташуу; калдыктарды сактоо - калдыктарды көмүү, зыянсыздандыруу же пайдалануу максатында алып чыкканга чейин аларды атайын жабдылган топтогучтарда сактоо; экологиялык экспертиза - экологиялык тобокелдиктин жана белгиленип жаткан чечимдерди турмушка ашыруунун деңгээлин аныктоо, аны ишке ашыруу айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр түрдө таасир берет.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/924/st-2" title="2-статья - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>