# 14-статья. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контроль

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/924)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 181 "Об отходах производства и потребления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-879/edition/1277327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/924/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 14-статья (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-14

---

1. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контролду компетентүү орган жүзөгө ашырат.

2. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контроль төмөнкүлөрдү камтыйт:

калдыктар менен иштөө боюнча мыйзамдардын талаптарын, анын ичинде эл аралык макулдашууларда жана келишимдерде каралган талаптарды юридикалык жана жеке жактардын сакташына контролдук кылуу, бул талаптарды бузууларды табуу жана аларды жоюу боюнча чара көрүү; калдыктар менен иштөөдө жаратылышты коргоо, санитардык жана экологиялык ченемердин аткарылышына контролдук кылуу; калдыктар жөнүндө берилген маалыматтын жана отчеттун аныктыгына контролдук кылуу; калдыктар менен иштөө боюыча маалыматты чогултуу, ылгоо жана талдоо; иштеп жаткан өндүрүштөрдү талдоо, топтолгон калдыктардын коркунучтуулугунун көлөмүн жана даражасын азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларын табуу, аларды чийки зат катарында чарбалык жүгүртүүгө алда канча толук тартууга контролдук кылуу; күнөөлүү адамдарды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу, жазапул санкцияларын колдонуу, калдыктар жөнүндө мыйзамды бузуунун натыйжасында айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо коюу; калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты калктын ээн-эркин алышына контролдук кылуу.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 4-статьясында белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде калдыктар менен иштөөгө контроль кылат.

4. Калдыктар менен иштөө учурунда мамлекеттик контролду жүзөгө ашырган органдардын чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-15)
