# 10-статья. Коркунучтуу калдыктар менен иштөө учурундагы талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/924)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 181 "Об отходах производства и потребления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/924#diff=1277329..1277330>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-879/edition/1277327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/924/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 10-статья (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-10

---

1. Иши коркунучтуу калдыктардын топтолушу менен байланышкан юридикалык жана жеке жактар алар менен иштөө учурунда алардын зыяндуу таасиринен айлана-чөйрөнү жана калкты ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

2. Бардык коркунучтуу калдыктар адамга жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасиринин даражасы боюнча класстарга бөлүнөт.

3. Калдыктын коркунучтуулугунун классы аларды өндүрүүчүлөр тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык, тоо жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чектеринде бекиткен ченемдик документтерге ылайык аныкталат.

4. Коркунучтуу калдыктарды лицензиянын негизинде бул максаттар үчүн атайын жабдылган курулуштарда гана жайгаштырууга уруксат берилет.

5. Коркунучтуу калдыктар менен иштеген юридикалык жана жеке жактар расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жана компетенттүү орган белгилеген тартипте коркунучтуу калдыктардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-11)
