# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы №43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы №43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14536/edition/1077882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы №43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтому (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92398

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 7-майы УӨ №43 Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №74 токтомунун редакциясына ылайык)

Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1230,0 (бир миллиард эки жүз отуз) миллион сом суммасындагы каражат капиталдык салымдарды жана Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун каржылоо үчүн республикалык бюджетке которулсун.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №74 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

"капиталдык салымдар" беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу үчүн "Электр станциялары" ААКга 1230 млн. сом өлчөмүндө төмөнкүдөй шарттарда бюджеттик кредит бөлсүн:

- бюджеттик кредитти жоюу мөөнөтү - 2030-жылдын 25-декабры;

- жеңилдик берилген мезгил - проценттерди эсептебестен 5 жыл;

- кредитти пайдалануу үчүн проценттик ставка - жылына 3 процент;

"Электр станциялары" ААК менен күрөөлүк камсыздоосуз бюджеттик кредитти кайтаруу шарттары боюнча белгиленген тартипте карыздык милдеттенме түзсүн; "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.

3. Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун каржылоонун төмөнкүдөй графиги белгиленсин:

2010-жылдын майы - 350 млн. сом; 2010-жылдын июну - 350 млн. сом; 2010-жылдын июлу - 300 млн. сом; 2010-жылдын августу - 230 млн. сом.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте 400 млн. сом өлчөмүндөгү бөлүп берилген бюджеттик каражаттарды "Электр станциялары" ААКнын уставдык капиталына салым катары тариздөө маселесин иштеп чыксын; "Электр станциялары" ААК менен бирдикте 2010-жылдын 31-августуна карата Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи агрегатын ишке киргизүү боюнча куруу-монтаждоо иштеринин календардык планын иштеп чыксын жана бекитсин; башкы подрядчы менен бирдикте бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшүн камсыз кылсын; "Электр станциялары" ААК тарабынан ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө эсептелген проценттери менен бюджеттик кредиттин кайтарылышын камсыз кылсын.

5. "Электр станциялары" ААК:

"Камбар-Ата ГЭС-2нин" ачык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак катары мамлекеттик каттоосун жараксыз деп таануу боюнча зарыл чараларды көрсүн; "Камбар-Ата ГЭС-2" ААКнын бардык активдерин "Электр станциялары" ААКка кайра берсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
