# КР УӨ 2010-жылдын 4-мая №31 "Дизель отунун бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 4-мая №31 "Дизель отунун бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14524/edition/414286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 4-мая №31 "Дизель отунун бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому (04.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92385

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 4-майы УӨ №31 Дизель отунун бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-апрелиндеги № 24-А тескемесине ылайык кайтарып берүү шарттарында 4300 м.куб дизель отунун алуу жөнүндө "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коом менен келишүүнү аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондун көрсөтүлгөн көлөмдү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бир литри үчүн 24 сом баа боюнча сатылган дизель отунунун мурда алынган көлөмүн кайтарып берүү эсебинен "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомуна кийин берүү менен Казакстан Республикасынан келген гуманитардык жардам катары алынган 3700 тонна көлөмдөгү дизель отунуна шарттуу кошуп эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
