Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 25 „Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 12-июлу УӨ №124 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 25 "Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 25 "Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Жогоруда аталган токтомдун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине долбоорлордун сынагынын 1-этабын өткөрүүгө 6620,0 (алты миллион алты жүз жыйырма) миң сом бөлүнсүн.".
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.