# КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14518/edition/414475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92377

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-июну УӨ №77 Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө 2010-жылдын 26-апрелиндеги №26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигин башкаруу схемасы.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- министрликтин эң көп штаттык бирдиги 193, анын ичинде борбордук аппарат 52, караштуу бөлүкчөлөр 11, аймактык бөлүмчөлөр 130 бирдикти түзөрү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулары.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындаты Мамлекеттик китеп палатасы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына кайра түзүлсүн:

4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2009-жылдын 24-ноябрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

- 2010-жылдын 12-декабрындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" 2009-жылдын 24-ноябрындагы №715 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №77 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

| Борбордук аппарат ├───\> | Коллегия |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| v v ┌───────────────────────┐ ┌──────────────────────────────┐ └───────────────────────┘ └──────────────────────────────┘ | Маалымат жана басма сөз департаменти |  | Шаардык жана райондук маданият башкармалыктары, бөлүмдөрү |  |
|  |  |  |  |  |
| Министрликке караштуу мекемелер: театрлар, филармониялар, китепканалар, музейлер, маданият үйлөр, клубдар, маданият жана эс алуу парктары, тарыхый жана маданий эстеликтер, Кыргыз мамлекеттик цирки, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча Республикалык инспекция, Мамлекеттик китеп палатасы, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо бюросу, Улуттук маданий борбор, "Манас ордо" Улуттук комплекси, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Достук үйү дирекциясы, "Байчечекей" жана "Кырчын" журналдарынын редакциялары, "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи | └─────────────────────────┘ | Маданият жана искусство окуу жайлары: Жогорку окуу жайлары, кесиптик орто окуу жайлары, М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык жатак-мектеби, балдар музыкалык мектептери, балдар көркөм мектептери, балдар искусство мектептери, квалификацияларды жогорулатуу факультети, № 57 жана № 167 бала бакчалары |  |  |
