# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 346
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14517/edition/933215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (11.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92376

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 31-декабры № 346 Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 токтомунун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмеси.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чара колдонуу тууралуу жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2008-жылдын 6-июнундагы № 178 буйругу;

- «Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2008-жылдын 13-августундагы № 226 буйругу.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.

Премьер-министр

А. Атамбаев
