# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №345 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №345 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 345
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14516/edition/1157404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №345 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (31.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92375

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 31-декабрындагы № 345 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А. Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

1-берене.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 955-берене);

- «Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 33-берене).

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
