# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №340 "«Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №340 "«Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 340
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14512/edition/1157401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №340 "«Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92370

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 24-декабры № 340 «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы №23 токтомунун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы №23 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

«Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө (2010-жылдын 24-декабры)

1-берене. «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгарылсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
