# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №339 "«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №339 "«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 339
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14511/edition/368701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №339 "«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92369

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 24-декабры № 339 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 805 токтомунун төртүнчү - жыйырма экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А. Атамбаев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы

Момуналиев Н.С.

- Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Фаттахов Б.А.

- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын мүчөлөрү:

Мамидинова Ч.К.

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

Абдыгулов Т.С.

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

Бекишов У.Д.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Байжуманов Д.Б.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Четимбаев С.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Искандаров А.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун эксперти;

Намазов К.Ш.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын начальниги;

Плоских В.М.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Акматалиев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Катанаева Л.Д.

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын геодезиялык көзөмөл жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

Касымалиев А.К.

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» мамлекеттик жер жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун директору;

Асанакунов Б.Ж.

- Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Абдырахманов К.К.

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик-топографиялык кызматы бөлүмүнүн начальниги;

Конюхов А.Г.

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин геология жана маалыматтык ресурстар башкармалыгынын начальниги.
