Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларынын сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 17-декабры №334 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларынын сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин 10-Ала-Бука чек ара отрядынын Күжүрмөн Туусунун сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин 9-Талас чек ара отрядынын Күжүрмөн Туусунун сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин "Түндүк" чек ара контролунун отрядынын Күжүрмөн Туусунун сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин "Түштүк" чек ара контролунун отрядынын Күжүрмөн Туусунун сүрөттөлүшү.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларын даярдоо менен байланышкан чыгымдарды 2010-жылга бөлүнгөн акча каражаттарынын чегинде жумшасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №334 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин 10-Ала-Бука чек ара отрядынын Күжүрмөн Туусунун СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин 10-Ала-Бука чек ара отрядынын Күжүрмөн Туусу эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме түрүндө болот. Үч тарабынын четтери алтын түстөгү жибек чачык менен тигилген кызыл түстөгү эки катталган жибек кездемеден жасалган. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм.
2. Кездеменин оң жагынын жогорку жагына "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген жазуу жазылган. Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан. Төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИНИН 10-АЛА-БУКА ЧЕК АРА ОТРЯДЫ" Гербдин өлчөмү диаметринде 650 мм.
3. Кездеменин арткы бетинин жогорку жагына "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жазылган. Борборунда Чек ара аскерлеринде кызмат өтөөнү символдоштурган жана эркиндикти билдирүүчү жашыл түстөгү тегеректи элестетүүчү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан. Символика белгисинин өлчөмү диаметринде 600 мм. Символиканын төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"10-й АЛА-БУКИНСКИЙ ПОГРАНИЧНЫЙ ОТРЯД ПОГРАНИЧНЫХ ВОЙСК ГОСУДАРСТВЕННОЙ СЛУЖБЫ НАЦИОНАЛЬНОЙ БЕЗОПАСНОСТИ" Туунун таягы жыгачтан, кочкул күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм. Туунун учу дат баспоочу болоттон жасалган, анын борборуна беш бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түшүрүлгөн. Учтун узундугу 250 мм. Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек жиптен даярдалат. Чачылуу боонун узундугу 2800 мм.
4. Символика жашыл түстөгү калканды элестетет. Геральдика боюнча жашыл түс эркиндикти билдирет жана чек ара кызматынын символу болуп эсептелет. Жогору жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИ" Ортосунда төмөнкүлөр жайгашкан:
- эгемен Кыргызстандын чек арасын так аныктаган Кыргыз Республикасынын картасы. Ортосунда сүрөттөлүшү "Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июнундагы № 419 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын элестеткен чек ара белгиси жайгашкан. Ал сары жана кызыл түстө болуп, сары түстүн фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жайгашкан.
Чек ара белгисинин алдына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинен алынган Ак шумкар - Манас Атанын Ак шумкары жайгаштырылат. Геральдикага ылайык ал кыргыз элинин баатырдыгын, кайратмандыгын, көрөгөчтүгүн, эр жүрөктүүлүгүн билдирет жана цивилизациянын туу чокусуна карай умтулушун чагылдырат. Ак шумкар чабыттабай, сабырдуу көрсөтүлгөн - бул Кыргыз Республикасынын экспансия, агрессиялык максаттары жана аймактык дооматтары жок экендиги жөнүндө айтып турат. Ошону менен бирге Ак шумкар коргонууга жана өзүн-өзү коргоого даярдыкты көрсөтөт. Ак Шумкардын сүрөттөлүшүнүн төмөн жагына:
- беш бурчтуу кызыл жылдыз - адамзаттын байыркы белгилеринин бири жайгаштырылган, ал коргоо, коопсуздук символун билдирет жана аскер белгиси катары пайдаланылат. Кызыл түс - укук, күч, эрдик, сүйүү, кайраттуулуктун түсү;
- лавр бутактары - жеңиш, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын символу.
Лавр бутактарында Манастын 7 осуятын символдоштуруучу жетиден жалбырактары бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №334 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин 9-Талас чек ара отрядынын Күжүрмөн Туусунун СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин 9-Талас чек ара отрядынын Күжүрмөн Туусу эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме түрүндө болот. Үч тарабынын четтери алтын түстөгү жибек чачык менен тигилген кызыл түстөгү эки катталган жибек кездемеден жасалган. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы 1100 мм.
2. Кездеменин оң жагынын жогорку жагына "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген жазуу жазылган. Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан. Төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИНИН 9-ТАЛАС ЧЕК АРА ОТРЯДЫ" Гербдин өлчөмү диаметринде 650 мм.
3. Кездеменин арткы бетинин жогорку жагына "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жазылган. Борборунда Чек ара аскерлеринде кызмат өтөөнү символдоштурган жана эркиндикти билдирүүчү жашыл түстөгү тегеректи элестетүүчү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан. Символика белгисинин өлчөмү диаметринде 600 мм. Символиканын төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"9-й ТАЛАССКИЙ ПОГРАНИЧНЫЙ ОТРЯД ПОГРАНИЧНЫХ ВОЙСК ГОСУДАРСТВЕННОЙ СЛУЖБЫ НАЦИОНАЛЬНОЙ БЕЗОПАСНОСТИ" Туунун таягы жыгачтан, кочкул күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм. Туунун учу дат баспоочу болоттон жасалган, анын борборуна беш бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түшүрүлгөн. Учтун узундугу 250 мм. Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек жиптен даярдалат. Чачылуу боонун узундугу 2800 мм.
4. Символика жашыл түстөгү калканды элестетет. Геральдика боюнча жашыл түс эркиндикти билдирет жана чек ара кызматынын символу болуп эсептелет. Жогору жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИ" Ортосунда төмөнкүлөр жайгашкан:
- эгемен Кыргызстандын чек арасын так аныктаган Кыргыз Республикасынын картасы. Ортосунда сүрөттөлүшү "Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июнундагы № 419 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын элестеткен чек ара белгиси жайгашкан. Ал сары жана кызыл түстө болуп, сары түстүн фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жайгашкан.
Чек ара белгисинин алдына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинен алынган Ак шумкар - Манас Атанын Ак шумкары жайгаштырылат. Геральдикага ылайык ал кыргыз элинин баатырдыгын, кайратмандыгын, көрөгөчтүгүн, эр жүрөктүүлүгүн билдирет жана цивилизациянын туу чокусуна карай умтулушун чагылдырат. Ак шумкар чабыттабай, сабырдуу көрсөтүлгөн - бул Кыргыз Республикасынын экспансия, агрессиялык максаттары жана аймактык дооматтары жок экендиги жөнүндө айтып турат. Ошону менен бирге Ак шумкар коргонууга жана өзүн-өзү коргоого даярдыкты көрсөтөт. Ак Шумкардын сүрөттөлүшүнүн төмөн жагына:
- беш бурчтуу кызыл жылдыз - адамзаттын байыркы белгилеринин бири жайгаштырылган, ал коргоо, коопсуздук символун билдирет жана аскер белгиси катары пайдаланылат. Кызыл түс - укук, күч, эрдик, сүйүү, кайраттуулуктун түсү;
- лавр бутактары - жеңиш, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын символу.
Лавр бутактарында Манастын 7 осуятын символдоштуруучу жетиден жалбырактары бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №334 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин "Түндүк" чек ара контролунун отрядынын Күжүрмөн Туусунун СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин "Түндүк" чек ара контролунун отрядынын Күжүрмөн Туусу эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме түрүндө болот. Үч тарабынын четтери алтын түстөгү жибек чачык менен тигилген кызыл түстөгү эки катталган жибек кездемеден жасалган. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм.
2. Кездеменин оң жагынын жогорку жагына "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген жазуу жазылган. Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан. Төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИНИН "ТҮНДҮК" ЧЕК АРА КОНТРОЛУНУН ОТРЯДЫ" Гербдин өлчөмү диаметринде 650 мм.
3. Кездеменин арткы бетинин жогорку жагына "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жазылган. Борборунда Чек ара аскерлеринде кызмат өтөөнү символдоштурган жана эркиндикти билдирүүчү жашыл түстөгү тегеректи элестетүүчү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан. Символика белгисинин өлчөмү диаметринде 600 мм. Символиканын төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"ОТРЯД ПОГРАНИЧНОГО КОНТРОЛЯ "СЕВЕР" ПОГРАНИЧНЫХ ВОЙСК ГОСУДАРСТВЕННОЙ СЛУЖБЫ НАЦИОНАЛЬНОЙ БЕЗОПАСНОСТИ" Туунун таягы жыгачтан, кочкул күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм. Туунун учу дат баспоочу болоттон жасалган, анын борборуна беш бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түшүрүлгөн. Учтун узундугу 250 мм. Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек жиптен даярдалат. Чачылуу боонун узундугу 2800 мм.
4. Символика жашыл түстөгү калканды элестетет. Геральдика боюнча жашыл түс эркиндикти билдирет жана чек ара кызматынын символу болуп эсептелет. Жогору жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИ" Ортосунда төмөнкүлөр жайгашкан:
- эгемен Кыргызстандын чек арасын так аныктаган Кыргыз Республикасынын картасы. Ортосунда сүрөттөлүшү "Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июнундагы № 419 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын элестеткен чек ара белгиси жайгашкан. Ал сары жана кызыл түстө болуп, сары түстүн фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жайгашкан.
Чек ара белгисинин алдына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинен алынган Ак шумкар - Манас Атанын Ак шумкары жайгаштырылат. Геральдикага ылайык ал кыргыз элинин баатырдыгын, кайратмандыгын, көрөгөчтүгүн, эр жүрөктүүлүгүн билдирет жана цивилизациянын туу чокусуна карай умтулушун чагылдырат. Ак шумкар чабыттабай, сабырдуу көрсөтүлгөн - бул Кыргыз Республикасынын экспансия, агрессиялык максаттары жана аймактык дооматтары жок экендиги жөнүндө айтып турат. Ошону менен бирге Ак шумкар коргонууга жана өзүн-өзү коргоого даярдыкты көрсөтөт. Ак Шумкардын сүрөттөлүшүнүн төмөн жагына:
- беш бурчтуу кызыл жылдыз - адамзаттын байыркы белгилеринин бири жайгаштырылган, ал коргоо, коопсуздук символун билдирет жана аскер белгиси катары пайдаланылат. Кызыл түс - укук, күч, эрдик, сүйүү, кайраттуулуктун түсү;
- лавр бутактары - жеңиш, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын символу.
Лавр бутактарында Манастын 7 осуятын символдоштуруучу жетиден жалбырактары бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №334 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин "Түштүк" чек ара контролунун отрядынын Күжүрмөн Туусунун СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин "Түштүк" чек ара контролунун отрядынын Күжүрмөн Туусу эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме түрүндө болот. Үч тарабынын четтери алтын түстөгү жибек чачык менен тигилген кызыл түстөгү эки катталган жибек кездемеден жасалган. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм.
2. Кездеменин оң жагынын жогорку жагына "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген жазуу жазылган. Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан. Төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИНИН "ТҮШТҮК" ЧЕК АРА КОНТРОЛУНУН ОТРЯДЫ" Гербдин өлчөмү диаметринде 650 мм.
3. Кездеменин арткы бетинин жогорку жагына "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жазылган. Борборунда Чек ара аскерлеринде кызмат өтөөнү символдоштурган жана эркиндикти билдирүүчү жашыл түстөгү тегеректи элестетүүчү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан. Символика белгисинин өлчөмү диаметринде 600 мм. Символиканын төмөн жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"ОТРЯД ПОГРАНИЧНОГО КОНТРОЛЯ "ЮГ" ПОГРАНИЧНЫХ ВОЙСК ГОСУДАРСТВЕННОЙ СЛУЖБЫ НАЦИОНАЛЬНОЙ БЕЗОПАСНОСТИ" Туунун таягы жыгачтан, кочкул күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм. Туунун учу дат баспоочу болоттон жасалган, анын борборуна беш бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түшүрүлгөн. Учтун узундугу 250 мм. Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек жиптен даярдалат. Чачылуу боонун узундугу 2800 мм.
4. Символика жашыл түстөгү калканды элестетет. Геральдика боюнча жашыл түс эркиндикти билдирет жана чек ара кызматынын символу болуп эсептелет. Жогору жагында төмөнкүдөй жазуу бар:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЧЕК АРА АСКЕРЛЕРИ" Ортосунда төмөнкүлөр жайгашкан:
- эгемен Кыргызстандын чек арасын так аныктаган Кыргыз Республикасынын картасы. Ортосунда сүрөттөлүшү "Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июнундагы № 419 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын элестеткен чек ара белгиси жайгашкан. Ал сары жана кызыл түстө болуп, сары түстүн фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жайгашкан.
Чек ара белгисинин алдына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинен алынган Ак шумкар - Манас Атанын Ак шумкары жайгаштырылат. Геральдикага ылайык ал кыргыз элинин баатырдыгын, кайратмандыгын, көрөгөчтүгүн, эр жүрөктүүлүгүн билдирет жана цивилизациянын туу чокусуна карай умтулушун чагылдырат. Ак шумкар чабыттабай, сабырдуу көрсөтүлгөн - бул Кыргыз Республикасынын экспансия, агрессиялык максаттары жана аймактык дооматтары жок экендиги жөнүндө айтып турат. Ошону менен бирге Ак шумкар коргонууга жана өзүн-өзү коргоого даярдыкты көрсөтөт. Ак Шумкардын сүрөттөлүшүнүн төмөн жагына:
- беш бурчтуу кызыл жылдыз - адамзаттын байыркы белгилеринин бири жайгаштырылган, ал коргоо, коопсуздук символун билдирет жана аскер белгиси катары пайдаланылат. Кызыл түс - укук, күч, эрдик, сүйүү, кайраттуулуктун түсү;
- лавр бутактары - жеңиш, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын символу.
Лавр бутактарында Манастын 7 осуятын символдоштуруучу жетиден жалбырактары бар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 17 июля 2000 года N 419 "О пограничных знаках Кыргызской Республики"Постановление · 17.07.2000 · № 419