# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14502/edition/406378/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92358

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 17-декабры №330 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы №143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылардын институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Министр жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу министрдин орун басарларынын бирине жүктөлөт.";

- 12-пунктунда:

бешинчи абзацындагы "статс-катчынын," деген сөз алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Министрликтин компетенциясына киргизилген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;"; тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- ведомстволук караштуу мекемелердин мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбеген жетекчилерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт;"; онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- мыйзамда белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин аймактык жана ведомстволук караштуу мекемелеринин кызматкерлерин кызматтан бошотот;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1 пункт менен толукталсын:

"12-1. Статс-катчы белгиленген тартипте министр менен макулдашуу боюнча:

- Министрликтин администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларын которуштурууну жана ротациялоону жүргүзөт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
