# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 329
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14501/edition/368674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу" токтому (17.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92357

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 17-декабры №329 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу 2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-февралындагы №29 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимге ылайык:

1. 2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы аныкталсын.

2. Ижара акысын чегерүү үчүн эсеп болуп - Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын алыш-бериш эсеби аныкталсын.

3. Жогоруда аталган келишимге ылайык келип түшкөн ижара акысынын каражаттары жергиликтүү кеңеш бекиткен Тартип боюнча пайдаланылсын.

4. Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы Салык кодексинин 334-беренесинин 8-пунктуна ылайык жер пайдалануучулардын жер салыгын төлөөсүн жана тиешелүү аймактардын жергиликтүү бюджеттерине которулушун камсыздасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
