# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №325 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №325 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 325
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14496/edition/589785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №325 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө" токтому (22.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92350

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 16-декабры №325 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин финансы жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү аркылуу кадрлардын агымын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрине ушул токтомдун 1-пункту менен жактырылган Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.

3. Ресурстук макулдашуунун иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин аны бир тараптуу өзгөртүүгө же ажыратууга болбостугу аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынчу атайын каражаттарды өз алдынча пайдаланууга укук берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын аймактык, ведомстволук бөлүктөрүнүн кызматкерлерин сыйлоо тартибин жөнгө салуучу ведомстволук актыны иштеп чыксын жана бекитсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
