# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14495/edition/368610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92349

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 16-декабры №324 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын уставында: 11-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Директордун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу бир орун басары болот.";

- 12-пункттун алтынчы абзацындагы "орун басарларынын" деген сөздөр "орун басарынын" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 216 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
