# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 ""Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 ""Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14493/edition/368045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 ""Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (27.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92347

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 27-августу №178 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу усулу менен мамлекеттик менчикти приватташтыруу жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- 5-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Бааларды белгилебестен мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 482 токтому;

- "Менчиктештирилүүчү ишканалардын акцияларын сатуу боюнча бааларды белгилебестен акчалай аукциондорду өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылы 27-майындагы № 243 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 165 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикти конкурста сатуу усулу менен менчиктештирүү жөнүндө Жобонун 2-пунктунун үчүнчү абзацы, 10-пунктунун сегизинчи абзацы, 35-1 жана 42-1-пункттары;

- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти приватташтыруунун шарттары жана тартиби тууралуу Жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти приватташтыруунун шарттары жана тартиби тууралуу Жобонун 16-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары, 17-пунктунун он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтары;

- "Бааларды белгилебестен акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 42 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 277 токтомунун 1-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун 5-пункту;

- "Баасын белгилебестен акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 369 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселесин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы № 569 токтомунун 1-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселесин жөнгө салуучу айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 732 токтомунун 1 жана 2-пункттары;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 605 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 139 токтомунун 1 жана 2-пункттары.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
