# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №316 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун ишин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №316 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун ишин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 316
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14486/edition/367954/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №316 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун ишин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (08.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92340

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-декабрындагы № 316 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун ишин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун натыйжалуу ишин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн каражаттарды республикалык бюджеттен карасын.

2. «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 696 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
