Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун ишин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-декабрындагы № 316 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун ишин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун натыйжалуу ишин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн каражаттарды республикалык бюджеттен карасын.
2. «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 696 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы №696 ""Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик…Постановление · 10.11.2009 · № 696 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик…Постановление · 11.07.2008 · № 372 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы №696 ""Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик…Постановление · 10.11.2009 · № 696 · Күчүн жоготкон