# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №314 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №314 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14484/edition/367946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №314 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө" токтому (08.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92338

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-декабры № 314 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө Республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларын натыйжалуу жөнгө салууну, контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларды тийиштүү түрдө аткарууну, анализдөөнү жана мониторингдөөнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментке Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында атайын эсеп ачууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө жобону белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
