Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-декабры № 314 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө Республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларын натыйжалуу жөнгө салууну, контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларды тийиштүү түрдө аткарууну, анализдөөнү жана мониторингдөөнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментке Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында атайын эсеп ачууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө жобону белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июнундагы № 295 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча…Постановление · 09.06.2011 · № 295 · Күчүн жоготкон