# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14480/edition/368719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92334

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-декабры № 310 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурдагы Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө» жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 «Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө» токтомдоруна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда тындыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы «2009-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө» деген сөздөр жана цифралар «2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
