Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 309 Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча нормативдик базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 15-пункттун биринчи абзацы "30 күн мурда" деген сөздөрдөн кийин", ал эми стратегиялык маанидеги объекттер үчүн кеминде 90 күн мурда" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13. Эгерде баалоо бекитилген күндөн баштап объект менен бүтүм түзүүнүн күнүнө чейинки мезгил 12 айдан ашпаса, анда менчиктештирүү объектисинин мыйзамдык актыларда белгиленген тартипте алынган баалоо наркы бүтүм түзүү үчүн кабыл алынышы мүмкүн. Ушул мөөнөт аяктаса менчиктештирүүнүн объектисинин баалоо наркы актуализация болууга тийиш же менчиктештирүү объекти кайрадан бааланышы керек.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 8-пункт "мамлекеттик мүлктү ижарага алган" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик мүлктү үч жылдан кем эмес мезгилде ижарага алган" деген сөздөр менен толукталсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтому менен…Положение · 26.03.2003 · № 169
- Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 26.03.2003 · № 168
- Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтому менен…Положение · 13.08.2005 · № 370
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2026 · № 266
- "Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуунун тартиби жана алардын наркын баалоонун методикасы жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын…Положение · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 26 марта 2003 года №169 "Об утверждении Положения об условиях и порядке приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике и…Постановление · 26.03.2003 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2003 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2026 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 13-августандагы, №370 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу…Постановление · 13.08.2005 · № 370
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.