# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-декабрындагы №308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-декабрындагы №308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14478/edition/368063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-декабрындагы №308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92332

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 7-декабры №308 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4, 6 жана 7-пункттарындагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "ишке орноштуруу жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

"Нарын облусу" деген бөлүмүндө:

- "Нарын району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:

37-пунктундагы "1,20" деген сан "1,30" деген санга алмаштырылсын; "Ош облусу" бөлүмүндө:

- "Чоң-Алай району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:

"2-пунктундагы "1,60" деген сан "1,80" деген санга алмаштырылсын;

- "Кадамжай району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:

1-пункту алып салынсын; 2 жана 3-пункттарындагы "1,25" жана "1,20" деген сандар "1,30" деген санга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган элге эмгек акыларына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумчаларды берүү үчүн керектүү финансылык каражатты республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсыздасын.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
