# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 301
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14471/edition/367736/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92325

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 25-ноябры №301 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтарды онлайн режиминде алуунун механизмин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
