# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14470/edition/716802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (01.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92324

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 25-ноябры №300 Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун, камсыздандыруу рыногунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ошондой эле коомдун камсыздандыруу уюмдарына болгон ишенимин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөрдүн уставдык капиталдарынын минималдык өлчөмүнө төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:

- кайра түзүлгөн камсыздандыруу уюмдарына 30000000 (отуз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча ишти жүргүзүү үчүн;

- кайра түзүлгөн камсыздандыруу уюмдарына 200000000 (эки жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, кайра камсыздандыруу боюнча ишти гана жүргүзүү үчүн;

- иштеп жаткан камсыздандыруу уюмдарына 25000000 (жыйырма беш миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча ишти жүргүзүү үчүн;

- камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрүн айкаштыруу шарттарында иштеген камсыздандыруу уюмдарына 50000000 (элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

- кайра камсыздандыруу боюнча гана иштеп жаткан камсыздандыруучу уюмдарына 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.

2. Камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча, ошондой эле кайра камсыздандыруу боюнча гана иштеген камсыздандыруу уюмдары уставдык капиталдарынын өлчөмдөрүн 2011-жылдын 1-июлуна чейин ушул токтомдун төртүнчү жана алтынчы абзацтарына ылайык келтиришсин.

3. Камсыздандыруу уюмдары камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча иштөө үчүн уставдык капиталдарынын өлчөмдөрүн 2011-жылдын 1-январына чейин ушул токтомдун бешинчи абзацына ылайык келтиришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2005-жылдын 12-августундагы N 200-Б "Кайра түзүлгөн камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталынын жана иштеп жаткан камсыздандыруу уюмунун капиталынын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
