# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №299 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүн" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №299 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүн" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14469/edition/367732/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №299 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүн" токтому (05.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92323

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 25-ноябры №299 Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу кызматтарынын рыногун натыйжалуу өнүктүрүү, камсыздандырылгандардын укуктарын коргоо жана камсыздандыруучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө кепилдик берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмү өздүк каражаттарынын суммасынан 20 проценттен ашпай тургандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 22-январында катталган, каттоо номери 5-02 болгон Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын 2-январындагы N П-1 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
