# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 294
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14464/edition/587884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92318

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 22-ноябры №294 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы №518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3.1.31-пункт менен толукталсын:

"3.1.31. ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медицинасоциалдык экспертизалоо борборлору, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборлору.";

- 3.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3.3. Менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча жана алар бекитүүчү концепцияларга жана программаларга ылайык ишке ашырылчу объекттер.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 3.3.3-пункт менен толукталсын:

"3.3.3. ушул Программанын 2-1-тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттер.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына 2-1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча ишке ашырылчу менчиктештирүү объекттеринин ТИЗМЕСИ

| № | Объекттердин аталышы | Уставдык капиталы (миң сом) | Мамменчиктеги акциялардын саны (%) |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| 1 | "Кыргызнефтегаз" ААКы | 1040582,0 | 85,16 |
| 2 | "Бишкек машина куруу заводу" ААКы | 304140,0 | 75,86 |
| 3 | "Учкун" ААКы | 44978,4 | 77,36 |
| 4 | "Кыргызалтын" ААКы | 964123,9 | 100 |
| 5 | "Ишкерликти өнүктүрүү фонду" ААКы | 4000,0 | 100 |
| 6 | "Кыргызпочтасы" МИ | \- | \- |
| 7 | "Бишкек штамтоочу завод" МИ | \- | \- |

";

- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2-пункттар менен толукталсын: "

| 3-1 | "Кыргызсуудол- боору" ААКы | 2481,9 | 51,0 | Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 3-2 | "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКы | 500,000 | 100 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |

";

- 7 жана 8-пункттардын бешинчи графасындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1 пункт менен толукталсын:

"

| 8-1 | "Темир" мамлекеттик ишканасы | \- | \- | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги |
| --- | --- | --- | --- | --- |

"; 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "

| 9 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине ведомстволук караштуу мамлекеттик ишканалар: - "Бишкек геологиялык чалгындоо техникасы тажрыйбалык-экспери- менттик заводу" МИ; - "Борбордук лаборатория" МИ, Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы, Кыргыз геология-экономикалык изилдөөлөрдүн методикалык экспедициясы (КГЭИМЭ); - "Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы" МИ; - "Кыргыз геофизикалык экспедициясы" (КГФЭ) МИ; - "Түштүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы (ТКГЭ)" МИ | \- | \- | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги |
| --- | --- | --- | --- | --- |

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 10-12-пункттар менен толукталсын:

"

| 10 | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИ | \- | \- | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 11 | "Ысык-Көл пароходчулугу" ӨБ" МИ | \- | \- | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 12 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ведомстволук караштуу ишканалар: - "Чүй облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Чыгышавтобекети" МИ; - "Талас облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Чолпон-Ата автобекети" МИ; - "Ысык-Көл облустук автобекет жана автокассалар ишканасы" МИ; - "Нарын облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Ош облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Жалал-Абад облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ | \- | \- | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |

";

- жогоруда аталган Программанын 3-тиркемесинде:

2, 3, 5, 6, 7, 10, 15, 16, 22, 27, 29-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган Программанын 4-тиркемесинде:

2, 8, 9, 10, 11, 13, 14, 15, 16, 19, 21, 37, 42, 45-1, 45-4, 49, 51, 51-2, 51-3, 51-4, 51-5, 51-6, 52-1, 52-2, 52-3, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 59-2, 59-3, 60, 61, 62, 68, 84, 85, 86, 87, 89, 90, 91, 96, 115, 116, 120, 120-2, 120-4, 120-5, 121, 122, 123, 126, 128, 138, 146-2, 146-3, 146-4 , 147, 149, 151, 152, 153, 156, 157, 161, 162, 164, 165-1, 165-2, 165-4, 165-6, 165-7, 166, 166-1, 168, 169, 170, 180, 187, 190, 191, 193, 194, 195, 196, 197, 205-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
