# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14462/edition/699580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу (01.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92316

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-ноябры № 292 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- керектөөгө жана сатып алуулардын ар жылкы планына жараша товарларды бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга заказдарды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиркеме боюнча түздөн түз ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдө жайгаштырышсын жана иш жүзүндө жеткирген фактысы боюнча гана берилген продукция үчүн акы төлөшсүн;";

- жогоруда аталган токтомго тиркеме төмөнкү мазмундагы 26-29-пункттар менен толукталсын:

"

№

Ишканалардын аталышы

Чыгарчу продукциясынын аталышы

26

«Медицина-Юг» ЖчК

Жибектен, кетгуттан медициналык тигүүчү материалдар;

27

«Автожыйноочу завод» ААК

А-КО-440-1, А-КО-440-2, А-КО-440-3 таштанды ташыгычтар; 4 жана 6 тонна жүк көтөрүмдүүлүктөгү трактор чиркегичтери; КАЗ-3507, КАЗ-3519 моделиндеги өзү түшүргүч автомобилдер;

28

«Экспотех» ЖчК

«Бакувват», ТП 350-01 жана ТП 2800-02 тыгындап-пломбалоочу түзүлүш (ТПТ);

29

«Монтажник» ЖчК

Болоттон жасалган жука дубалдуу жеңил конструкциялардан (БЖЖК) курулган имараттар жана курулмалар

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
