# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №291 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №291 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 291
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14461/edition/441419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №291 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтому (19.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92315

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 19-ноябры №291 Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын администрациялык ведомстволору жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин тиркелген сүрөттөлүшү бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы символика белгисин даярдоого байланышкан чыгымдарды 2010-жылга бюджетте каралган каражаттардын эсебинен төлөсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №291 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин СҮРӨТТӨЛҮШҮ

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгиси өзүнө аныктоочу жана мүнөздөөчү элементтерди жана символдорду камтыйт. Күңүрт-боз түстөгү тышкы стилдештирилген калкан ички элементтерди жана алардын компоновкасын аныктоочу формага ээ. Эмблеманын борбордук бөлүгүндө тегерек калкандын фонунда кылыч сүрөттөлгөн, бул мыйзамды бузгандыгы үчүн кечиримсиз жаза боло тургандыгын символдоштурат. Калкан тегерек формага ээ жана улуттук оюм-чийимдин элементтерин кармайт. "ЖАТ" (ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУ) аббревиатурасы кызыл түстөгү ийилген тасмага жайгаштырылган, ал кылычтын ортоңку бөлүгүн жаап турат. Эмблеманын жогорку бөлүгүндө жазы кызыл тасмада мамлекетке таандык экендигин билдирүүчү "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген тасма бар. Карама-каршы тарабындагы дагы бир кызыл тасмага аббревиатурага ылайык "ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУ" деп толук жазылган. Бардык жазуулар жана тасманын контурлары агыш-сары түстө берилген. Эмблеманын төмөнкү борбордук бөлүгүндөгү эки лавр бутагынын ортосунда жайгашкан кызыл жылдыз мамлекетке кызмат өтөөдөгү даңкты, каармандыкты жана ар-намысты билдирет.

2. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын символика белгиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өз ишинде колдонулуучу папкаларында, конверттеринде, бланкаларында жана башка буюмдарында чагылдырылат.

3. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгиси колдонулган ар кандай атрибуттарды даярдоодо белгинин өлчөмү буюмдун өлчөмүнө пропорционалдуу шайкеш келүүгө тийиш.

Эмблеманы сыйлык же белекке берилүүчү буюм катары даярдоодо алтын, күмүш, сайкалданган, хромдолгон же кара болот, латунь же коло сыяктуу пайдаланылган материалдарга ылайык, негизги элементтерди жана алардын пропорцияларын милдеттүү түрдө сактоо менен негизги түстөрдү, өңүн өзгөртүүгө жол берилет.

4. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисин башка органдар жана адамдар колдонууга болбойт. Аны өзгөртүү, бузуу жана ушул сыяктуу аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
