КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 „2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 19-ноябры №290 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүнүн квартираларына болгон муктаждыктын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги №30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "126 квартиралуу" деген сөз жана цифралар "144 квартиралуу" деген сөз жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;
- 7-пункттагы "Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисине" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын жетекчисине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.