# Постановление Правительства КР от 5 ноября 2010 года №272 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 5 ноября 2010 года №272 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 272
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14442/edition/366818/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 5 ноября 2010 года №272 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (27.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92295

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-ноябры № 272 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)

«Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 «Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтуна «Кыргызстандарт» (мындан ары - СМУИ)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго (мындан ары СМБ)» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө жободо:

- 5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту «Кыргызстандарт» (мындан ары - СМУИ)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары СМБ)» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пункттун е) пунктчасындагы «мамлекеттер аралык» деген сөздөр «эл аралык, региондук» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бүткүл текст боюнча «СМУИ», «СМУИге» деген кыскартылган сөздөр «СМБ» деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
