# Постановление Правительства КР от 5 ноября 2010 года №268 "О Главной государственной технической инспекции при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 268
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14438/edition/396760/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 5 ноября 2010 года №268 "О Главной государственной технической инспекции при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики" (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92291

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-ноябры № 268 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-июлундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 3-пунктунун биринчи абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги" деген сөздөр алып салынсын;

- 5-пунктунун биринчи пунктундагы "жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоодо Мамлекеттик каттоо кызматынын сарптоолору тийиштүү азайышынын эсебинен, Мамлекеттик техникалык инспекциянын сарптоолорун каржылоонун шарттарына жараша Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук уюмдарынын сарптоолорун көбөйтсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 680 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 680 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-февралындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 680 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
