КР Өкмөтүнүн «Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 мая 2011 года № 239 "О надбавках к должностным окладам работников государственных учреждений и организаций, имеющих статус "национальный" или почетное звание "академический""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-10-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 28-октябры №260 Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2010-жылдын 1-ноябрынан баштап 80 процентке көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды тапсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.