# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14429/edition/441259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92282

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 27-октябрындагы №259 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн 2010-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудайынын белгиленген өлчөмүн мамлекеттик резервге коюусун камсыз кылуу жана мамлекеттик резервден бөлүнгөн дизель отунун өз убагында алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы №122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункттун үчүнчү абзацындагы «1-тиркемеге ылайык» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 156 «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттагы «тиркемеге ылайык» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана аларды дизель отуну менен камсыз кылуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацы «ушул токтомдун тиркемесинде аталган өлчөмдө» деген сөздөрдөн кийин «жана ушул токтомдун 4-пунктунда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине» деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар дизель отунун алуудан расмий түрдө баш тарткан учурда брондон чыгарылган дизель отунун айылдык товар өндүрүүчүлөр ортосунда ачык-айын бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.»;

- 5-пункт «жеке жоопкерчилик» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жана» деген сөздөр менен толукталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
