# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы №253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы №253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14423/edition/650926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы №253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (06.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92276

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 21-октябрындагы №253 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 829 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 827 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө» токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун № 12 тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги 2010-жылдын 1-январынан тартып 2010-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ушул токтомдун 1-пунктунда аныкталган кошумча штаттык бирдиктерди.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Тиркеме

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна №12 тиркеме

Кыргыз Республикясынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдады медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналары

№

Кызмат орундардын аталышы

Кызматтык маяналар (сом)

I. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору

1.

Борбордуи директору

8300

2.

Директордун орун басары

7000

3.

Башкы бухгалтер

6200

4.

Башкы адис

4500

5.

Жетектөөчү адис

3900

6.

Борбордун эксперт-адис врачы, квалификациялык категориясы жок методист врачы

4000

7.

Райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) төрагасы

5000

8.

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) квалификациялык категориясы жок эксперт-адис врачы

3500

9.

Квалификациялык категориясы жок улук медсестра

2000

10.

Медрегистратор

1450

II. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору

1.

Борбордун директору

8000

2.

Директордун дарылоо бөлүгү боюнча орун басары

6400

3.

Башкы бухгалтер

4800

4.

Адис

3000

5.

Квалификациялык категориясы жок адис врач

3500

6.

Башкы медсестра

2600

7.

Эмгек боюнча инструктор

2500

8.

Дарылоо дене тарбиясынын инструктору

2500

9.

Массажчы

2500

10.

Квалификациялык категориясы жок медсестра

1700

11.

Чарба башчы сестра

1500

12.

Сактоо камерасынын жана чарбанын башчысы

1600

13.

Санитар

1400

14.

Кир жуугуч жумушчу

1550

15.

Ашкана башчысы

1800

16.

Ашпозчу

1500

17.

Ашкананын жумушчусу

1400

Эскертүү: квалификациялык категориясы болсо, кызмат акыга үстөк төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет: жогорку категория - 25 пайызга; биринчи категория - 20 пайызга; экинчи категория - 10 пайызга.».
