# Постановление Правительства КР от 18 октября 2010 года № 248 "О порядке регистрации контрактов и бюджетных обязательств учреждений, состоящих на республиканском бюджете Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14418/edition/1044973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 18 октября 2010 года № 248 "О порядке регистрации контрактов и бюджетных обязательств учреждений, состоящих на республиканском бюджете Кыргызской Республики" (26.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92271

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2010-жылдын 18-октябры № 248 Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык) Бюджеттик милдеттенмелерди талаптагыдай эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы N 586 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Республикалык же жергиликтүү бюджетте турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин милдеттүү түрдө каттоо киргизилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы N 586 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Тиркелген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө Нускама бекитилсин жана 2010-жылдын 1-октябрынан тартып колдонууга киргизилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
