# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-октябрындагы №246 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-октябрындагы №246 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 246
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14416/edition/441215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-октябрындагы №246 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92269

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 14-октябрындагы №246 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2010-жылы кант кызылчасынын түшүмүн өз учурунда жыйноону жана кайра иштетүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

8-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: «- 2010-жылдын 15-октябрынан 2010-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге кант кызылчасын кызылча пунктунан «Кайыңды-Кант» ачык акционердик коомунун кант заводунда аны кайра иштетүүчү жерге чейин жана кызылча өстүрүүчүлөр менен эсептешүү үчүн арналган кумшекерди кант заводунан кызылча пунктуна чейин ташууда темир жол тарифин 20 процентке сезондук азайтуу белгиленсин.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
