КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 14-октябрындагы №245 Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «Бишкек-Ош автожолун реабилитациялоо» 3-фаза, «Түштүк транспорт коридорун реабилитациялоо» (Ош-Гүлчө участогу) жана ЦАРЭС: «Региондук жол коридорун жакшыртуу» (Сарыташ-Карамык автожолу) долбоорлорунун алкактарында алынган төмөнкү маркадагы автомашиналарды «China Road and Bridge Corporation» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартууну бажылык режимде тариздесин:
- «Toyota Land Cruiser», 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2UZ1315193, кузов № JTMHT09J294024683, баланстык калдык наркы 1667917 (бир миллион алты жүз алтымыш жети миң тогуз жүз он жети) сом;
- «Toyota Land Cruiser», 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1FZ0751473, кузов № JTGHJ01J973010559, баланстык калдык наркы 687589 (алты жүз сексен жети миң беш жүз сексен тогуз) сом;
- «Toyota Prado», 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2TR0670155, кузов № JTEBL29J79K003370, баланстык калдык наркы 890391 (сегиз жүз токсон миң үч жүз токсон бир) сом;
- «Toyota Prado», 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2TR0431471, кузов № JTEBL29J075068590, баланстык калдык наркы 593755 (беш жүз токсон үч миң жети жүз элүү беш) сом;
- «Toyota RAV-4» маркасындагы, 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2AZH099556, кузов № JTMBD33V285198844, баланстык калдык наркы 739303 (жети жүз отуз тогуз миң үч жүз үч) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын белгиленген тартипте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналардын белгиленген тартипте кабыл алынышын камсыздасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон