# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14412/edition/441167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-октябры № 242 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши төмөнкүдөй курамда түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл чарба маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин секретарынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).»;

- 2-пунктундагы «суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай» деген сөздөр «чарба» деген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши жөнүндө жободо:

- 5.2-пунктундагы «биринчи вице-премьер-министри» деген сөздөр «вице-премьер-министри» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5.7 жана 6.3-пункттарындагы «секретариаты» деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «жумушчу органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
