# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №241 "Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн банк операцияларында колдонуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №241 "Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн банк операцияларында колдонуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14411/edition/372832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №241 "Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн банк операцияларында колдонуу жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92263

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-октябрындагы № 241 Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн банк операцияларында колдонуу жөнүндө 2010-жылдын июнь айында Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү, ошондой эле Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы турак үйлөрдү жана инфраструктура объекттерин тез арада калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын июнь айында Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн банк операцияларында пайдаланууга жол бериле тургандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 «Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобонун 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринде каралган учурларда жарандын өздүк күбөлүгүн нотариалдык бүтүмдөрдө жана банк операцияларында колдонууга жол берилет.».

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
