# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №230 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №230 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14401/edition/442437/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №230 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92253

---

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2010-жылдын 7-октябры № 230 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында:

- А.Сагындыков курамынан чыгарылсын;

- А.Бектуров - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюнча) курамына киргизилсин;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жободо:

- 8-пунктундагы «Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери жана токтомдору» деген сөздөр «Өкмөтүнүн чечимдери» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндөгү чечим билдирмелерди кароонун натыйжасы боюнча кабыл алынат:

- 50000 сомго чейинки өлчөмдө - Комиссия тараптан;

- 50000 сомдон жогору өлчөмдө - Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан.»;

- 12-пунктундагы «Убактылуу Өкмөтүнүн чечиминин» деген сөздөр «Өкмөтүнүн же Комиссиянын чечимдеринин» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 16-пунктунун биринчи абзацындагы биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Комиссиянын төрагасы болуп саналат.»;

- бүткүл текст боюнча:

ар кандай жөндөмөдөгү «Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Президентинин Администрациясы» деген сөздөргө алмаштырылсын; «Убактылуу» деген сөз алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы № 426 тескемесинин 1-пунктунун төртүнчү - алтынчы абзацтары 2010-жылдын 13-июлунан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
