Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгуучу товарларга алып чыгуунун (экспорттук) сезондук бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 1-октябрындагы №227 Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгуучу товарларга алып чыгуунун (экспорттук) сезондук бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык жана ички рыноктогу кырдаалды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгуучу товарларга алып чыгуунун (экспорттук) сезондук бажы алымдарынын ставкалары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгуучу товарларга карата алып чыгуунун (экспорттук) сезондук бажы алымдарынын ставкалары кайсы өлкөгө жиберилгенине карабастан колдонулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республнкасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт койгон зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө белгилентен тартипте Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк Соода Уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине билдирсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндө күчүнө кирет жана алты айдын аралыгында колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн| 2010-жылдын 1-октябрындагы №227 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгуучу товарларга алып чыгуунун (экспорттук) сезондук бажы алымдарынын Ставкалары
ТЭИ ТН коду
Продукциянын аталышы
Алып чыгуунун (экспорттук) сезондук бажы алымдарынын ставкасы (1 кг/л үчүн сом менен)
1004 00 000 0
Сулуу
20
1005
Жүгөрү
5
1213
Дан өсүмдүктөрүнүн саманы жана топону, иштелип чыкпаганы, майдаланганы же майдаланбаганы, тартылганы же тартылбаганы, пресстелген же гранул түрүндө
10
1214
Брюква, жалбырак кызылчасы (мангольд), тоюттук тамыры жемиштер, чөп, беде, эспарцет, тоют капустасы, люпин, вика жана ушуларга окшош тоют өсүмдүктөрү, гранул же гранулданбаган
10
2301
Тамак-ашка пайдаланууга жараксыз майда жана кесек тартылган ун жана эттен же эттүү сорпо азыктарынан гранул, балык же рак сымалдар, моллюска же башка суу омурткасыздары; сызыктар
30
2302
Улпак, элегенден калганы жана элегенден кийинки кээ бир калдыктар, тартылганы же дан өсүмдүктөрдүн данын же буурчак өсүмдүктөрүнүн башка ыкма менен иштеп чыгылганы, гранул же гранулданбаган
20
2304
Күнжара жана соя майын алууда башка катуу калдыктар, майдаланганы же майдаланбаганы, гранул же гранулданбаган
10
2306
Майларды же өсүмдүк майларын алууда катуу калдыктар, 2304 же 2305 товардык позициядагы калдыктардан тышкары, майдаланганы же майдаланбаганы, гранул же гранулданбаганы
10
2308
Өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүк калдыктары, өсүмдүк калдыгы жана кошумча азыктар, гранулданбаганы
10
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон