# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 «Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 «Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14392/edition/365631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 «Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92244

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 30-сентябрындагы №220 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 «Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсеп, финансылык отчет жана аудит системасын өнүктүрүү боюнча ишти оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 «Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Бишкек шаарында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын Борборазиялык борборун түзүү жана калыптандыруу боюнча иш-чаралардын планында:

- 1.11-пунктунун «Иш-чаралар» жана «Күтүлгөн натыйжа» графаларында «Исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюмуна Кыргыз Республикасынын кириши» жана «Исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюмунун» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
