# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы №219 "«Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы №219 "«Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14391/edition/558132/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы №219 "«Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (04.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92243

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 29-сентябрындагы №219 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы №50 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана кырдаалды жайгаруу боюнча чаралардын тиркелген программасы (мындан ары - Чаралар программасы) бекитилсин.

2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Чаралар программасын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;

- Чаралар программасынын аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн ай сайын, ар бир айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги Чаралар программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты ай сайын, ар бир айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
