Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 21-сентябрындагы №212 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик менчик объекттерин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «0,3» деген цифралар «0,17» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- «объекттерди» деген сөз «объектти» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.