# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана Автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана Автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 211
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14385/edition/707744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана Автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө" токтому (10.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92236

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы N 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 18-сентябрындагы №211 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана Автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 197-беренесине ылайык, ички базарларды биринчи зарылдыктагы товарлар менен толтуруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамада:

«Жалпы жоболор» главасынын сегизинчи абзацы «бажылык кириш ордери (мындан ары - БКО) боюнча» деген сөздөрдөн кийин «же ушул Нускамада белгиленген учурларда жөнөкөйлөтүлгөн формадагы бажылык кириш ордери (мындан ары - ЖФ-БКО) боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;

1.2-пунктунун 1-пунктчасы «айына» деген сөздөн мурда «ушул нускаманын 1.4-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн товарларды кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;

1.4-пунктунда:

«жана тамеки буюмдарынан» деген сөздөр «, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген ташып келүүчү товарлардын тизмесине кирүүчү жана аларга карата ЖФ-БКОну колдонуу менен бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн жеңилдик тартиби колдонулуучу тамеки буюмдарынан жана товарлардан» деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдүй мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: «Жеке адамдар алып келүүчү жана аларга ЖФ-БКОну колдонуу менен бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн жеңилдик тартиби колдонулуучу товарларга карата, 50 кг же 500 литрден ашпаган санда:

- бажылык тариздөө үчүн бир эсептик көрсөткүчтөн өлчөмүндө жыйымдар жана 1 кг же 1 литр үчүн 1 сом өлчөмүндө бажылык алым менен салыктардын бирдиктүү ставкасы алынат;

- товарларды бажылык тариздөө жеке адамдар товарларды коштолуучу жүк менен алып өткөн шартта ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык ЖФ-БКОну колдонуу менен жүргүзүлөт.».

3.5-пункт «БКО» деген сөздөн кийин «жана ЖФ-БКО» деген сөздөр менен толукталсын;

Нускама ушул токтомдун Нускамасына ылайык 6-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы №211 токтомуна тиркеме

«Жеке адамдардын товарларды жана автотранспорту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамага 6-тиркеме

Тө- лөө- чү- нүн нус- ка- сы

бажысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (бажынын аталышы жана коду)

№ХХХХХХХ ЖФ Бажылык кириш ордери

Төлөөчү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү) Төлөөчүнүн ИСНни \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Төлөөчүнүн дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Паспорт сериясы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Унаа каражаты: маркасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мам. номуру \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ташып чыгуу өлкөсү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№

Товарлардын аталышы жана алардын баяндалышы

ТЭИ ТНнын товардык позиция коду

Өлчөө бирдиги (кг., литр)

Саны

Бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы, сом

Бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын суммасы, сом

Баардыгы:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө бажылык тариздөө үчүн жыйым төлөндү. 201\_\_\_\_ жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кириштөө- кассалык ордери. Жыйынтыгында \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом (сумма цифра менен) (сумма жазуу менен) суммасында төлөндү (бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы жана бажы алымдары менен салыктардын бирдиктүү ставкасы). Тариздөө датасы жана убактысы 201\_ жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ «\_\_\_» саат «\_\_\_» мүн. Бажылык кириш ордерин бажы кызматкери түздү. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, колу жана ОНМ) Бажылык кириш ордерин алдым \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, төлөөчү жана колу)

Эскертүү: ЖФ-БКО бажы органынын кызматкери тарабынан электрондук түрдө түзүлүп жана сол жагында «төлөөчүнүн нускасы», «бажынын нускасы» деген белгиси бар эки нускада басып чыгарылат.

Ба- жы- нын нус- ка- сы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ бажысы (бажынын аталышы жана коду)

№ХХХХХХХ ЖФ Бажылык кириш ордери

Төлөөчү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү) Төлөөчүнүн ИСНни \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Төлөөчүнүн дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Паспорт сериясы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Унаа каражаты: маркасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мам. номуру \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ташып чыгуу өлкөсү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№

Товарлардын аталышы жана алардын баяндалышы

ТЭИ ТНнын товардык позиция коду

Өлчөө бирдиги (кг., литр)

Саны

Бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы, сом

Бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын суммасы, сом

Баардыгы:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө бажылык тариздөө үчүн жыйым төлөндү. 201\_ жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кириштөө- кассалык ордери. Жыйынтыгында \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом (сумма цифра менен) (сумма жазуу менен) суммасында төлөндү (бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы жана бажы алымдары менен салыктардын бирдиктүү ставкасы). Тариздөө датасы жана убактысы 201\_ жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ «\_\_\_» саат «\_\_\_» мүн. Бажылык кириш ордерин бажы кызматкери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ түздү. (аты-жөнү, колу жана ОНМ) Бажылык кириш ордерин алдым \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_. (аты-жөнү. төлөөчү жана колу)

Эскертүү: ЖФ-БКО бажы органынын кызматкери тарабынан электрондук түрдө түзүлүп жана сол жагында «төлөөчүнүн нускасы», «бажынын нускасы» деген белгиси бар эки нускада басып чыгарылат.».
