# КР УӨ 2010-жылдын 15-сентябрындагы №206 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 15-сентябрындагы №206 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14380/edition/414686/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 15-сентябрындагы №206 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92231

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 15-сентябрындагы №206 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2010-жылдын 27-июнундагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 11-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен бошотулсун:

- Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан - Скрипкина Галина Анатольевна, 2010-жылдын 28-августунан берген арызына ылайык;

- «Ата-Мекен» Социалисттик партиясынан - Алымбекова Галия Темирхановна.

2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү болуп дайындалышсын:

- Бекбасаров Рашид Бердибаевич - Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан;

- Сооронкулова Клара Сыргакбековна - «Ата-Мекен» Социалисттик партиясынан.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева
